6 жыл аралыгында Москвадан кароосуз калган 60тан ашуун бала алынып келинген. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева билдирди.
"2011-жылдан ушул күнгө чейин бир гана Москва шаары жана Москва облусунан кароосуз калган 63 бала алынып келинди. Алардын 37си багып алууга берилсе, 8 баланы гана биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштырууга мүмкүн болду. 12 бала интернат үйлөрүнө тарбиялоого өткөрүлсө, алтоо кам көрүүгө берилген.
Биз Орусияда калтырылган балдардын баарын алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок бул жумуш кылдат иштөөнү талап кылат. Себеби көпчүлүк ата-эне кызынын төрөп таштап койгонун кабыл алгысы келбейт. Ошондой эле ал жакта төрөгөндөрдүн көбү медициналык каттоодо турган эмес же күйөөсү жок. Андыктан туугандарын уят кылбоо, өз жанын багуу үчүн балдарын таштап кетүүгө аргасыз болушат", - дейт Жаӊыл Жумабаева.
Белгилей кетсек, буга чейин Жаӊыл Жумабаева чет өлкөлүк жарандар Кыргыздан багып алган балдардын 95 пайызы ар кандай патологиялар менен төрөлгөндөр экенин айткан.