Талас, Баткен облустарында өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктардан сактануу максатында адистер өлкө аймагында окууларды уюштурууда.
"Өзгөчө сел жүрүү, жер көчкү түшүү коркунучу жогору аймактарда сактануу жолдору үйрөтүлүүдө. Мындан кийинки окутуулар Талас облусунун Талас районундагы Үч-Эмчек, Арал, Сасык-Булак айылдарында жана Лейлек районунун Катран айыл аймагындагы Баул айылында да өткөрүлмөкчү", - деп билдирди басма сөз кызматы.