Бүгүн Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт

Бүгүн, 23-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди.

"Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлдү. Иш-чарага өлкө аймагындагы маданият кызматкерлери, мамлекеттик кызматтагы жетекчилер, спортчулар келишти. Салтанатта 80 жылдык аземге байланыштуу сахналык көрүнүштөр аткарылат", - деди Үсөнбаева.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү да пландаштырган. Салтанат ат оюндары менен коштолот. Көк бөрү, күлүк чабыш, оодарыш, кыз куумай, алыш күрөш, воллейбол оюндары өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
banditka
2017-05-23 09:52:25
Кыргызстанда жалан эле ушундай жанылыктар болсо экен.
+1
KGstan1981
2017-05-23 10:30:29
Андан коро ошол 80жылдык марекеге кеткен акчага Ала-Буканын жолдорун ондобойсунарбы же болбосо мектеп,бала-бакча курбайсынарбы.Маракеде кимдер жыргайт чиновниктер беш бармак жеишип жыргайт.Карапайым эл болсо самовордо чай кайнатып жана очокто плов жасап майрамды откозушот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан