Өзгөндө мал айдап баратып аты менен сууга түшүп кеткен кишини өздөө иштери натыйжа бербей жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мал айдап баратып аты менен сууга түшүп кеткен 67 жаштагы Тажимамат Абдыраимовду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 суучул тартылган. Азырынча издөө иштери натыйжа бербей жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2017-05-23 17:06:46
Башкы темада издоо эмес, оздоо болуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан