Бишкектеги "Нарын" рестораны сүрдүрүлөт

Бишкек шаарындагы Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нарын" рестораны сүрдүрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, сүрдүрүү боюнча Бишкек башкы архитектура башкармалыгынан билдиришкен, бирок качан ишке ашары белгисиз.

"Учурда имараттын үстүнө жаш балдар чыгышып, кулап кетүү коркунучу жаралгандыктан тегерете тосмо менен тосуу иштери жүрүп жатат. Анын ордуна кандай имарат салынат, азырынча белгисиз", - дейт Самарбек Болотбеков.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 4-апрелинде аталган имаратта өрт чыккан. "Имарат электр энергиясы менен камсыздалбайт. Бул жакта жалаң таштандылар бар экен. Бул жерге келип селсаяктар түнөшөт. Өрт кырсыгы тамеки тартуудагы этиятсыздыктан чыгышы мүмкүн", - деп билдиришкен өрт өчүрүүчүлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
NARYNGRAD
2017-05-23 11:45:20
Кой, Нарындан башкасын сүрдүргүлө :-)
-5
Ajar812
2017-05-23 11:51:19
Убагында сонун ресторан болчу.Каралбай ушул абалга келдиго.
+2
Nazikbaigazy
2017-05-23 11:53:23
Мага берсе соонун кылып иштетип турмакмын
+4
Shadykanov
2017-05-23 12:19:40
Салгыла бузгула акча копда
+3
Mers124
2017-05-23 12:56:58
Өрттү да атайын чыгарышкан. Бул жер дагы бир чоңго өтөт. Биздин мэр баардык жерден акча жазайт. Тажадым ксдпдан
+7
Azamat_15
2017-05-23 13:27:21
Атамдар илгери Нарын ресторанына барып деп калчу эле
+1
Kroxa
2017-05-23 15:56:23
Сатылды да бир чиновник чыкыйтып борбордо бир бизнес ачканы жатса керек..олумуш болуп билмексен болуп калышат...
+1
ukmuw-ukmuw
2017-05-23 16:44:18
Селсаяктар деп одоно айтыпсынар мындай жука тил мен айтып жургулочу урматту биздин инфо
0
Arlenchik
2017-05-23 22:37:58
Бузбай эле капиталдык ремонттон откоруп койсо жакшы болмок, союз кезинде абдан жакшы сапатта салынган. Сатып ийишти да, булар саткангале маш, ремонт кылып иштеткенди билбесенер андан коро жон коюп койгула мамлекеттин балансында тура берсин андан коро, силердин сол чонтогунорго кеткенче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан