Японияда ысыктан улам миңге жакын адам ооруканага жаткырылды

Японияда бир жуманын ичинде ысыктан улам миңге жакын адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 23-майда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ысыктан жабыр тарткандардын жарымы - жашы 65тен өйдө адамдар. Алардын көпчүлүгү Аити, Осака, Хёго, Саитама жана Канагава аймактарынын тургундары.

"Япониянын башкы метеорологиялык агенттиги ысык аба ырайы жакынкы күндөрү өлкөнүн башка аймактарында дагы болорун айтты. Ошондой эле алар абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу жашоочуларды кондиционер колдонуп, көчөгө көп чыкпай, сууну көбүрөөк ичүүгө чакырышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazi25
2017-05-23 13:28:01
Ошондо канча градус ысык?
+5
meni_kut
2017-05-23 13:31:12
Канча градус автор?????
+2
raiana53
2017-05-23 18:55:48
Куртка киип журушотго суротто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан