Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Айгыр-Жал-Каныш-Кыя жолундагы көпүрө жараксыз абалга келген.
ӨКМнын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 23-майда саат 04:00 чамасында дарыянын деңгээли көтөрүлүп, жогоруда аталган унаа жолдун 61-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөнү жууп кеткен.
Учурда көпүрөнү оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатканын, 1-2 күндө оңдоп-түзөө иштерин аяктап каларын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү SUPER.KG порталына билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-майда "Чаткал районунда Айгыр-Жал айылына өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келди", - деп окурман билдирген.