Муфтият: "Быйылкы битир-садаганын баасы киши башына 30 сомдон башталат"

Быйылкы битир-садаганын баасы киши башына 30 сомдон башталат. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 23-майда муфтияттын расмий сайтында жазылды.

Маалыматка караганда, быйыл Рамазан айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди. Мындан сырткары садага-битирди жан башына ушундай эле салмактагы (1 килограмм 600 грамм) ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма же анын акчалай наркы менен берсе болот.

"Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Seryi-Kardinal
2017-05-23 14:54:32
jyldan jylga kymbattap ketip atat go
-7
Riokyrgyz
2017-05-23 15:07:56
Аллах ыраазычылыгы учун 30 сомду аябай берели,жон деле жок болуп кетет ошол акче.Андан коро соопко алмаштырып алалы.
+9
Kroxa
2017-05-23 15:51:42
Ошол битирди мечитке которбой жакыр уй булоого берип койсо да болот.. 30сомдон коп берсе деле болот..биздин уй-булоо 6 киши 200сомдон .1200сом майып адамга берип турам.. Москвадан да ошондой берчубуз 200рубдан.
+1
Ronaldo.99
2017-05-23 18:08:23
Kroxa,Он колун менен бергенди,сол колун корбосун дейт
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан