Ош облусунун Араван районундагы Кош-Мойнок жайлоосунда токойго жол салган ишкерге айып салынып, казуу иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына Араван районунун акиминин орун басары Тойчубай Сатыбалдиев билдирди.
"Айылдын эли токой маселеси боюнча көйгөйдү айтып кайрылган. Бүгүнкү күндө атайын комиссия түзүлүп жыйынтыгында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ишкерге 12 миң сом айып салынды. Учурда казуу иштери токтотулду. Бул боюнча ишти прокуратура карап жатат. Анын колунда изилдөөгө алынган лицензиясы болгон. Бирок казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат кагаздарын албай туруп ишти баштап жиберген", - деп билдирди акимдин орун басары.
Эске салсак, буга чейин Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов "жеке ишкер токойду талкалап жол салып жатат" деп билдирген.