Социалдык камсыздоо департаменти: "Бизге тубаса майып эненин президентке жазган каты боюнча билдирүү же сунуш келген эмес"

Президенттин коомдук кабылдамасына эки баласы менен кайрылган тубаса майып эненин каты Социалдык камсыздоо департаментине келген эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментинен билдиришти.

"Президентке кат аркылуу кайрылып, жардам сураган тубаса майып эненин каты бизге келген эмес. Насиба Ажибекова бизге келген. Бирок ал турак жай маселеси менен кайрылган. Анын бул көйгөйүн чечип берүү биздин ишмердүүлүгүбүзгө кирбейт. Ал үчүн ал туруктуу жашаган жериндеги администрацияга же Бишкек шаарынын мэриясына кайрылса болот", - деп билдирди мекеменин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы.

Эске салсак, буга чейин Насиба Ажибекова "президентке кат менен кайрылсам, коомдук кабылдамада иштегендер "биз сага жардам бере албайбыз, президент да жардам бере албайт" дегенин айткан. Ал эми президенттин коомдук кабылдамасы "тубаса майып эненин көйгөйү боюнча тиешелүү тараптарга сунуш берилген" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akyl.UM.kg
2017-05-23 17:42:33
Эл арасында мындай кеп бар. ЖОК дедин кутулдун ООБА дедин тутулдун. Ушу сынары жок деп кутулуптурда. Негизги муктаж ушундай адамдарга жардам бергиле напсинерди тыйып акыретте жооп бериш да бар.
0
akzuura
2017-05-23 17:45:57
Көчкү басып калгандада 3күн мурда эскертүү бердик эле деп чойоктоп актандыңар эле.мында деле кат келген жок деп актанасыңарда,кат келген каражат жок демек беле!аман эле болгулачы....
0
aiturgan9810
2017-05-23 18:41:57
Озу не жетет силерге не кылганынарга айлык алып жатасынар?
0
Kroxa
2017-05-23 20:10:13
Кат келбесе озуно барып жолугуп жашоосун козунор менен коруп койгула..бири биринерге шылтап,суудан кургак чыкпай..майып энени уйлуу кылып койсо кемип калбайсынар ансыз да миллиондоп жеп атасынар..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан