Франциянын улуттук баатыры, аскер башчысы Жанна д'Арк саткынчылардын жардамы менен бургундиялыктар тарабынан 1430-жылы 23-майда туткунга түшүрүлгөн. Жанна д'Аркка милдеттүү болгон Франциянын падышасы Карл аны куткарууга аракет да кылган эмес. Көп өтпөй бургундиялыктар Жаннаны англиялыктарга 10 миң алтын ливрга сатып жиберишкен. 1430-жылы ноябрь жана декабрь айларында Жанна Руанга жеткирилген.