Бишкекте "Ош базарынын" жанында жол чырак иштеп жатса да, айдоочулар кызыл жарыгынан өтүп унаа тыгыны жаралган

23-майда саат 20:00 чамасында Бишкек шаарынын Москва-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, тургундар өздөрү жолдогу тыгынды жөнгө салууга аракет жасашкан. "Айдоочулар жол чырактын кызыл жарыгынан күйүп турса да өтүп жатышкан. Мындан улам 1 саат бою Москва көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө өтүүгө мүмкүн болгон жок. Айрым учурларда тыгынды жоюуга аракет жасагандарды да укпай жаткан айдоочулар да болду", - дешет күбөлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан