Таш-Көмүрдө Исхак Раззаковдун сөзүнүн үстүнө партиялардын жарнамалары илингени тургундарды нааразы кылууда

Таш-Көмүр шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер маркум Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деп жазылган сөзүнүн үстүнө саясий партиялар жарнамаларын илип койгону жергиликтүү тургундарды нааразы кылды. Алардын айтымында, жарнамалар 15 күндөн бери илинип турат.

"Шаардык мэриянын тиешелүү кызматкерлери жарнамаларды алып салуу боюнча эч кандай аракеттерди көрбөй жатат. Раззаковдун сөзү бүтүндөй коомчулукту жана өспүрүмдөрдү таза иштеп, адилет башкарууга үндөгөнгө чакырык жасайт", - деген нааразычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, өлкөнүн айрым аймактарында 28-майда жергиликтүү Кеңешке шайлоо өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mister_bond
2017-05-24 11:01:24
Партиялар жарнамаларын архитектуралык уруксат иш кагаздары жок илип алышат, эгерде архитектуралык уруксат иш кагаздардын негизинде жарнамалар илинсе мамлекетке акча тушмок жана ушуга окшогон корунуштор болмок эмес.
+2
ekaterinburg
2017-05-24 11:15:23
Штрафты салгыла да олчойтуп.
+1
Tyty1990
2017-05-24 11:40:45
Эң астына эвакуатор деп номерин кошо жазып коюшпаптыр дагы.
0
admin_portal
2017-05-24 14:05:32
Alixan-Nookat.2015, этика нормаларын сактаңыз!Эскертүү!
0
raykray
2017-05-24 14:46:22
ХХХ, эмне болгон элдерге?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан