Экономика министрлиги жарым миллион сомго сувенирлерди сатып алганы жатат. Бул боюнча жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына 23-майда жайгаштырылды.
Аталган министрлик 526 250 сомго сырткы каптамасы булгаарыдан жасалган 6 комплект шахмат, улуттук калориттеги кийизден жасалган 15 даана панно (дубалга илине турган сүрөт тартылган кийиз), алтын жалатылган 25 даана визитка сала турган куту, 16 Гигабайттык 20 даана флеш-карта, алтын жалатылган 40 даана кооздолуп дубалга илчү тарелка алганы жатат.
Мындан сырткары жарыяда брелок, визитка үчүн куту, флеш-карта топтомунан жасалган 40 даана даяр белек жана көлөмү 70*40 сантиметрлик булгаарыга тартылган 15 даана сүрөт сатып алынары жазылган.