Баткен облусунда "Акыркы коңгуроо" аталышындагы рейд жүрүүдө

Баткен облусунда “Акыркы коңгуроо” жана “Көңүл бургула, балдар” аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Баткен ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд облус аймагында Патрулдук милиция тарабынан 22-майдан 4-июнга чейин жүрөт. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдү автоунаанын алдынкы отургучуна отургузуп, айдоочулардын жүргүнчү ташуу эрежелерин бузгандыгы аныкталып жатат.

"25-май күнү Баткен облусунун аймагындагы мектептерде, мектеп интернаттарында, атайын кесиптик техникалык окуу жайларында "Акыркы коңгуроо", 10 жылдык, 20 жылдык жана 30 жылдык жолугушуу салтанаттуу кечелерин өткөрүүдө коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында Баткен облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Иш-чараларга катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жаткан мектептерге жакын аймактарга шаар сыртындагы эс алуу жайларына, тоолорго жана жайлоолорго баруучу жолдорго посттор коюлуп, кайгуул күзөттөр уюштурулду", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maltepe
2017-05-24 10:08:04
Jakshy jakshy
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан