Каржы министри: “Быйыл Балыкчы-Корумду жолун оңдоого 412 миллион сом бөлүндү”

Быйыл Балыкчы-Корумду жолун оңдоого 412 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 500 миллион сом бөлүп берүү каралып жатат. 412 миллион сом экиге бөлүнүп берилген. Биринчи 212 миллион сом, экинчи жолу 200 миллион сом бөлүнгөн.

“Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жергиликтүү тургундар ыңгайсыздык жаралып жатканын айтты. Депутат билдиргендей, үйлөрдүн алдын казып салышкан. Тургундар каржылоону токтотпоону суранып жатканын, Каржы министрлиги бул боюнча көзөмөлдөөнү күчөтсө деген оюн айтты.

Парламентте Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан