27-майда Бишкекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу митинг өтөт

27-майда Бишкекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Айбек Баратов кабарлап, элдерге чакырык жасоодо. Анын айтымында, жөө жүрүштүн катышуучулары "Жеңиш" аянтынан чыгып Чүй көчөсү менен Улуттук филармонияга чейин барышат. Митинг саат 14:00дө башталат.

"Статистикага таянсак, 2017-жылдын башынан бери 11 бала жол кырсыгынан каза болгон. Акыркы күндөрү шаар ичиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн адамдарды унаалар сүзүп кеткен учурлар көп катталып жатат. Бийлик өкүлдөрү бул маселени чечүү үчүн реформа жасашарын айтып, бирок алардын иш-аракеттери натыйжасыз болууда. Көп учурда жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен аткаминерлердин туугандары же балдары жана башка айдоочулар жазасын тартпай, жабырлануучу тарап менен "сүйлөшүп" коёт. Мындай көрүнүш канчага чейин уланат? Биз жолдордо качан тартип орнойт экендигин билгибиз келет", - деген активист.

"Кегети капчыгайына эс алуу үчүн азыр көптөр барып жатат. Ал жактан Отогон айылы аркылуу кайтып келе жатканда айдоочулар унаасын катуу ылдамдыкта айдап өтөрүнө күбө болдум. Айылдын жашоочулары балдары үчүн тынчсызданып, коркуп жатышат", - деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан