1-июндан тарта Орусияда кыргыздар такси кызматында улуттук күбөлүк менен иштей албайт

2017-жылдын 1-июнунан тарта 2013-жылы 7-майда кабыл алынган Орусиянын "Жол коопсуздугу жөнүндө" федералдык мыйзамына жана Орусия Федерациясынын административдик укук бузуулар Кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу" нормасы күчүнө кирет. Ага ылайык, чет элдик жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн негизинде транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынан билдиришти.

"Чет элдик айдоочулук күбөлүктүн негизинде жеке ишмердүүлүк менен алектенген айдоочуларга 5 миңден 15 миң рублга чейин айып салынат. Чет элдик жаран транспорттук каражатты башкарууга байланыштуу жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алышы зарыл. Ал үчүн жаран Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга арызы менен кайрылышы керек. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандардын гана күбөлүктөрү алмаштырылат. Ал эми Орусиянын эл аралык келишимдерине ылайык талапка жооп бербеген чет элдик айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылбайт", - деп билдиришти Миграция кызматынан.

Ошондой эле өзгөртүүлөргө ылайык, унааны жеке өзү үчүн айдаган айдоочулар өзүлөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн колдоно алышат.

"Бул өзгөртүүлөрдүн эл аралык каттамда жүргөн транспорт каражаттарына тиешеси жок. Бул кырдаалга байланыштуу тоскоолдуктарды жокко чыгаруучу компромисстик сунуш киргизүүнү туура көрүп жатабыз", - деп кошумчалашты кызматтан.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер 1-июндан тарта жумушка чыга алышпастыгын кабарлаган.
Ал эми Мамлекеттик думага чет элдик айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууну дагы бир жылга узартуу сунушталган, азырынча сунуш ишке аша элеги белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kyrgyz.kg83
2017-05-24 15:30:14
Мына таможный союз,акырын кошуп алып калаганын жасап жатат,канча деген кыргыз балдар такси менен алектенищет
+9
vassabi
2017-05-24 15:42:57
Супер инфо саламатсынарбы. Биздин Кыргызстан таможенный союзда, Кыргызстанга чектоо кылбаса да болмок. Ушул суроо боюнча тиешелуу Жака кайрылып корсонор, сураныч, Рахмат.
+6
mederkg
2017-05-24 15:54:36
Жеңилдиктин ж дагы көрүнбөйт го т союздун шор пешене калк экенбиз да биз
+4
raykray
2017-05-24 16:00:42
кечиресиздер тушунбодум, ошондо международный паравасы бар кыргыздар иштей береби? улуттук куболукко кайсы документтер кирет
0
mirbaiza
2017-05-24 16:12:53
Орустарды тим эле ыйык тутуп алгандар көп.
0
Muslim_KGstana.
2017-05-24 16:35:21
Ана Москва мына Москва,ана Таможенный Союз
+5
Hadyja
2017-05-24 16:59:24
2018-дин.1-июньна жылдырыптыр,кечээ госдумада деген маалыматтар бар.
-2
AIZAD
2017-05-24 17:20:42
Таптакыр иштебейт кыргыздар деген жок да, экзамен тапшырып оруссиянын куболугун алып таксиде иштей берсе болот ! Озбек, таджикиерге караганда бир топ эле женилдик болуп калды го, ОМС тен бери бекер алып атышат. Шугур деш керек!!
-1
gulmira12345
2017-05-24 17:30:52
AIZAD,экзамен тапшырсан по любому откорбойт акча берип отосун кыргыз ортомчулар 50мин руб менен алмаштырат 400 суроодон эн оорун береткен аны ГАИнин озу дагы билбейткен
+1
gulmira12345
2017-05-24 17:22:18
маалыматты так берсенер улуттук куболук болгондо ички кыргызстандын правасы болтат ошондо международный менен журо береви кандай толук канаттандыраарлык кылып жазсанар ХХХ андай болтат мындай болтат девей
0
molodes
2017-05-24 17:32:34
Работающим водителями мигрантам могут разрешить еще год ездить по национальным водительским удостоверениям, не меняя их на российские. В Госдуме в очередной раз предложили перенести предельный срок для замены документов, на этот раз до 1 июня 2018 года. Авторы инициативы утверждают, что это обусловлено отсутствием технической возможности для массовой замены прав иностранцев.
+2
molodes
2017-05-24 17:38:39
Предельный срок замены иностранных водительских прав на российские для работы профессиональными водителями на территории России, скорее всего, будет в очередной раз продлен. Соответствующий законопроект был подготовлен главой комитета Госдумы по транспорту Евгением Москвичевым и первым зампредом комитета палаты по госстроительству и законодательству Вячеславом Лысаковым и внесен в парламент.

Документ предусматривает продление срока замены иностранных прав еще на год — до 1 июня 2018
0
admin_superstan
2017-05-24 18:14:16
molodes, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
+1
тилек
2017-05-26 17:55:52
Ошондо кимге ишениш керек molodes кеби же Супер Инфогобу
Бирок откондо радиодон дагы бир жылга калды деп аткан
0
тилек
2017-05-26 18:09:08
Улуу урматтуу Супер Инфо жамааты ушул маалыматты тактап билип бериниздер.
Бул жактагы диаспоралар аман эле болушсун алар эч нерсе менен иши жок.
Силерге ишенип кайрылып жатам.
0
admin_superstan
2017-05-26 18:30:48
тилек, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/189185/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан