Депутат Жанар Акаев Венгрияга ЖОЖго өтүү үчүн сынак адилетсиз өткөндүгү тууралуу далилдерди айтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда эл өкүлү социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, жалпысы 118 талапкер документ тапшырган. Бирок бир дагы талапкер менен тандоо комиссиясы же Билим берүү жана илим министрлиги аңгемелешүү өткөргөн эмес. Англис тилин билүү деңгээлин текшерген эмес. “Мага далай ата-эне, талапкер кайрылды. Англисче билет деген сертификатты азыр ар ким алып, тиркетип коё алат. Демек, бирөө 13 тил билем деп жазып койсо, ал окууга тандалып калабы? Же сүрөтүнө, боюна карап эле тандап коюшабы? Комиссияга 25 гана адамдын тизмеси берилген, алар бекитип койгон, калган 100дөй адамдын документин эмнеге карашкан эмес? Венгриянын өзүнө катталып, документиңди министрлик аркылуу жибер, күтөбүз деген жоопту алгандар да бар. Кийин министрлик сиздин документти жиберген жок деп кат алышкан. Бир талапкерди болсо, сиздин документиңизди чакыртып алды министрлик деген жооп келген”, - деп жазган.
Ошол эле учурда ал кесиптеши депутат Мурадыл Мадеминовдун "Жанардын тууганы өтпөй калса керек, чычалап жатат, менин кызым онлайн экзамен берген" деп айтканы боюнча жооп айткан. “Мен тууганымды мындай жол менен окууга жиберүү түшүмө да кирбейт, бул биринчиси, экинчиден онлайн сынак али боло элек, калп окшошпой калды бул жерде”, - деп билдирген.
Эске салсак, буга чейин 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев Венгриянын жогорку окуу жайлары бөлгөн бекер орунга жалаӊ чиновниктердин балдары өткөнүн айтып чыккан.