Бишкектеги эмен бактарына коркунуч жараткан зыянкечтер изилденет

Шаардык мэриянын алдындагы "Жашылдандыруу" ишканасы бактарга чымын-чиркейлерди кармоочу жабышчаак кагаздарды илип, адистер менен биргеликте изилдөө жүргүзүүнү баштады.

Бул маалыматты SUPER.KG'ге Бишкек шаардык мэриясынын "Жашылдандыруу" ишканасынын башкы агроному Эльнура Жолдошева билдирди.

"Биз бул иш-чараны Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүп жатабыз. Азырынча шаардагы эмен бактарына жалпысынан 5000 даана жабышчаак кагаздарды илип чыктык. Жыйынтыгында илинген кагаздарды кайра чогултуп, адистер бактарга зыяндуу болгон курт-кумурскалар тууралуу изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Кызматкерлерге кагаздарды дарактарга илип чыгуу үчүн ыктыярчылар, студенттер жардам беришти", - дейт Жолдошева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан