Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун мөөнөтүн узартуу сунушу Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-окуусунан өттү

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун мөөнөтүн узартуу сунушу Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-окуусунда өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчисинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Миграция кызматы 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет элдик жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн негизинде транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынарын кабарлаган.
"Азырынча бизге расмий жооп келе элек. Чет элдик күбөлүктөрдү Орусияныкына алмаштыруунун мөөнөтүн 1 жылга узартуу боюнча долбоорду Мамлекеттик дума 3-окууда кабыл алды. Бирок расмий түрдө чечим келе элек. Чечимди күтүп жатабыз", - деди Байымбетова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
imanchik
2017-05-24 18:01:53
Ушунча жыл чечилбеген маселе, эми чечилгени калды)
+3
Hadyja
2017-05-24 18:06:13
Жана жазгам чындыкты жазганыма,кубанычтамын
+1
RusMos76
2017-05-24 18:12:45
узарды десек болот
+2
samina86
2017-05-24 19:20:35
Узарса экен , жаман кыйналып не кылсак экен деп жатканда......
+2
jooshbala
2017-05-25 15:42:49
Жакшы тушунбой калдым урматту супер инфо.Биз ошондо озубуздун айдоочулук куболугубуз менен айдап журо беребизби россияда?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан