Тайвандын Конституциялык соту бир жыныстууларга баш кошууга уруксат берди. Бул тууралуу 24-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 14 адамдан турган Жогорку соттун судьялар кеңеши бул чечимди кол чабуу менен кабыл алышкан. Конституциялык сот "жарандык кодекстин 972-беренесиндеги аял менен эркек никеге турушу керек деген бөлүм Тайвандын Баш мыйзамына каршы келет" деп бүтүм чыгарган. Мындан улам Тайвандын жарандык кодексине толуктоолор киргизилиши керек болот.
Бул аралда бир жыныстуулардын никеге турушуна уруксат берүү жөнүндө талаш-тартыш 2000-жылдардын башынан бери уланып келет. Тайвань Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп бир жыныстагыларга үй-бүлө курганга мыйзамдуу түрдө уруксат берип жатат.