Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өттү

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы №27-жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат.

Салтанатка ата-энелер жана мугалимдер жамааты катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

"Жалпы бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктайм. Келечегиңер кең болсун. Алдыда бир топ ийгиликтерди багындыргыла. Эң негизгиси туура жолду тандап алууңарга тилектешмин", - деп билдирди мектептин директору Бермет Насинова.

Акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөр тарабынан ыр, бий тартууланды. Маалыматка ылайык, аталган мектепте 40тан ашуун окуучу бүтүрүүдө.

Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dastan.bujun
2017-05-25 09:49:19
Окуучулук кундор эми келбейт Бутуруучулор.
+2
dastan.bujun
2017-05-25 09:51:14
Мен Мектепти абдан сагындыым. алыста болбогонумда барып коруп келет элем
+1
baisogur
2017-05-25 10:03:13
Агып кеткен окучулук кайыгым эми келбейт артка кайрылып ох чиркин ушул 25-май куну башкача эле боло берем
+5
Kurstan_CR7
2017-05-25 10:50:59
Ак жол силерге бутуруучулор!!!


Баарынарга ийгилик, озунор тандаган кесиптин ээси болуп журо бергиле!!!
+1
Firdaus-Muslim
2017-05-25 11:00:24
«Акжол сага бүтүрүүчү»
Эми мектептке кайтып келбейсиңер. Ыйлап-ыйлап алгыла.
0
simone
2017-05-25 11:24:24
Эээээх, сонун күндөр!
0
Saara.kg
2017-05-25 12:25:26
Рахмат
0
NASIKA96
2017-05-25 22:18:22
Барыңарга ак жол бүтүрүүчүлөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан