Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун атасы кайтыш болду

Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков 24-майда узак оорудан улам кайтыш болду.

Жумакадыр Исаков 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Кыргыз ССРинде партиялык кызматтарда иштеген. Ош облустук кеңешинин үч чакырылышында тең депутат болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жумакадыр Исаковдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2017-05-25 10:11:32
Жаткан жайы жайлуу болсун бейишин берсин ылайым.Сабр.
+12
Izdeim_seni.
2017-05-25 15:12:59
salimbek87.kg,сабыр
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-25 10:54:01
Бул деле чондун баласы экен да
+10
ekaterinburg
2017-05-25 10:59:00
Ыманы саламат болсун!Баарыбыздын барар жерибиз ошол жак!
+8
boro
2017-05-25 11:14:34
жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун.
+7
cico
2017-05-25 11:22:06
Жайы жаннаттан болсун
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан