Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган жашоочулардын алган насыяларынын пайызы азайтылат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркаган жашоочулардын алган насыяларынын пайызы азайтылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү калк алган насыяларынын пайызын төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартууну суранышкан.

"Банк жетекчилери эл менен жолугушууда кардарларынын өтүнүчүн канааттандырарын ар бир үй-бүлө менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, өкмөт тарабынан коюлган талаптарга ылайык, ыңгайлуу өлчөмдө насыянын пайызын төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартууну убадалашты. Ошондой эле мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна турак жайларын каттаткан 25 жаранга 200 миң сомдон жалпы 5 миллион сомдун сертификаттары тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан