Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Абдыкапар Султанов өлкөнүн түштүк аймагында дыйкандар өндүргөн продукцияларды экспорттой албай жатканын билдирди.
Эл өкүлү өлкөнүн түштүк аймагында жүк ташуучу вагон жок экенин белгиледи.
“Вагон жок болгондуктан дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияларды экспорттой албай жатат. Даяр азыктар, коңшу мамлекетте кардарлар турса продукцияларын экспорттой албай кыйналууда. Бул боюнча ким жооп берет? Ушул маселени көтөрүп жатабыз, бирок чечилбей келет. Ошондо ай сайын 80-90 миң жүк сыртка чыкпай жатат. Кыргыз темир жолунун жетекчилери бул жаатта иштебей жатышат”, - деди ал.