Өлкө аймагында зыяндуу чегирткеге каршы жалпы 40 865 гектар аянтта химиялык дарылоо иштери жүргүзүлдү

Өлкө аймагында зыяндуу чегирткелердин уруктарын жок кылуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Айыл чарба тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө өлкө аймагында чегирткелерден жайыттарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Зыяндуу чегирткелердин урук ташташы алгачкылардан болуп Аксы районунун Авлетим айыл аймагында пайда болду. Алардын очогун табуу үчүн 50 659 гектарда изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен зыянкеч уруктар 42 360 гектар аянтта таркалганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 40 865 гектар аянтта химиялык дарылоо иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан