Парламентте бала бакчалардагы коррупцияга каршы күрөшүү максатында электрондук жазылуу системин киргизүү сунушталды

Бүгүн, 25-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Ош жана Бишкек шаарларындагы бала бакчаларга электрондук тизме системин киргизүүнү сунуш кылды.

"Баланы бала бакчага киргизүү маселеси актуалдуу болуп жатат. Чындыгында көптөгөн жеке менчик бала бакчалар пайда болду. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүгүбүздүн алардын баасына мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан мамлекеттик бала бакчага киргизүү көйгөйү орчундуу. Орун алуу маселеси пара берүү менен чечилип жатат. 3 жылдан бери Ош жана Бишкек шаарларында электрондук тизме киргизүүнү көтөрүп келебиз. Мындай систем кирсе, ким-кимден кийин экенин ачык-айкын көрө алат. Бул ишке аша турган болсо коррупциянын алды алуу болот", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antoshka2016
2017-05-25 11:47:33
Киргизсе жакшы болмок.очередке турсак 4 5жылда аран келет.ага чейин акча менен кирип кетишет экен.бишкектеги 51садик 100$алаткен.бир балага.бизге окшогондор журо беребиз кутуп
+7
Gamze90
2017-05-25 22:11:32
Балык башынан сасыйт. Андон коро ак уйдон баштаса анан карапайым элдин акчасын зарплатасын коруп койсун ким алмак эле анан взятка. 5 мин сом айлык бересинерда конечно 7мир берем десе алат да бир айлыктан кооп болуп жатса. Эл оздоу конуп калган берип акча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан