Алай районунун Гүлчө айыл аймагында селдин калдыктары мектептин пайдубалына чейин жетти

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагында селдин калдыктары мектептин пайдубалына чейин жетти . Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Гүлчө айыл аймагынын Жылуу-Суу айылындагы Аданбаев атындагы орто мектебинин айланасын кум, шагыл аралашкан сел калдыктары каптап калган. Ошондой эле Чаткы-Мазар участкасына өтүүчү ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнү суу агызып кеткен. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан калыбына келтирүү иштерине атайын техниканын тартылуусу каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мындан сарткары 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген жана Таң-Атар жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жараксыз абалга келтирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2017-05-25 12:07:48
eagle,порталга окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынган!3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан