Акын, прозаик, драматург Шатман Садыбакасов көзү тирүү болгондо бүгүн, 25-майда 85 жашка толмок. Ал Жумгал районунун Дыйкан айылында 1932-жылы туулган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун "Жаш ленинчи" журналында адабий кызматкер болуудан баштаган. Ал эми 1961-жылдан баштап "Кыргызстан" басмасында редактор, 1965-жылдан тарта проза жана поэзия бөлүмүнүн башчысы, 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин "Ала-Too" журналынын башкы редактору болуп иштеген.
Шатман Садыбакасовдун биринчи китеби 1958-жылы басылып чыккан "Пейил" аңгемелер жыйнагы болуп саналат. "Күндөр" романы, "Ак боз ат" драмасы орус тилине которулуп басылган.
Шатман Садыбакасов 1960-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Жазуучу Владимир Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн" медалы менен, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргыздын ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Шатман Садыбакасов 1983-жылы 3-августта азыркы Бишкек шаарында каза болгон.