Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо толук кандуу ишке кире элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндө калаа аймагында туура эмес токтотулган унаалар эвакуациялана элек. Бул боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы иштеп жатат. Азырынча туура эмес токтотулган унааларды жүктөп кетүү иштерин кайсы кызмат аткарат, канча айып салынат такталууда. Ошондой эле атайын жол белгилерин орнотуу зарылдыгы турат. Бул иш качан, кайсы күнү ишке кирет белгисиз. Бирок жакынкы аралыкта башталышы мүмкүн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Патрулдук милиция кызматы "29-апрелден тарта Кыргыз өлкөсүндө жол эрежесин бузган унаалардын дөңгөлөктөрүнө блокираторлор коюлуп, мажбурлап эвакуациялоо башталат" деп билдирген.