Унаасына бир нече бүтүрүүчүнү салып алган айдоочуга айып салынып, унаасы айып жайга токтотулду

Бүгүн, 25-майда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзүп жаткан "акыркы коңгуроо" рейдинин алкагында, унаасына бир нече бүтүрүүчүнү салып алган айдоочуга айып салынды.

"Жол эрежелери тууралуу мыйзамына ылайык, айдоочу унаага ашыкча жүргүнчү салгандыгы үчүн 2000 сом айып пул төлөйт. Эгерде айдоочу убактылуу күбөлүк менен жүргөн болсо, унаасы айып жайга токтотулат", - дешти Патрулдук милиция кызматынан.

5 орундуу Subaru Forester унаасына өзү менен 7 жүргүнчүнү салып алган айдоочунун да күбөлүгү убактылуу болгондуктан, унаасы айып жайга токтотулду. Жүргүнчүлөрдүн алтоо бүтүрүүчүлөр экени белгилүү болду.

Айдоочу унаасындагы ашыкча жүргүнчү үчүн айып төлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adidas_91
2017-05-25 22:18:41
Ичинен наркотик таап алгансып видеокамерага чейин тартып алгандачы. Убагында өздөрү үнчукпай эле бүтүп кеткенсип.
+5
jalguzum
2017-05-26 04:40:07
оздорунчо кыйын болотко жаш балдарга.
-1
AykaMer
2017-05-26 07:05:53
Адам сузуп кеткендер журот го эч кандай жаза албай.... Бутуруучулорго кучу жеткенго....
-1
datkayimjan
2017-05-26 10:46:25
Жакшы кылышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан