ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: 71 жыл мурун франциялык врач жана киши өлтүргүч Петио Марсель өлүм жазасына тартылган

1946-жылы 25-майда франциялык врач жана киши өлтүргүч Петио Марсель 49 жашында Парижде өлүм жазасына тартылган. Анын Париждеги үйүнөн 26 адамдын денесинин калдыктары табылган. Ага 60тан ашуун кишини өлтүрдү деп айып тагылган.

Петио 1897-жылы 17-январда төрөлгөн. Айрым маалыматтар боюнча 1914-жылы ага психикалык жактан жабыркайт деген диагноз коюлган. Анын өмүр баянында бир нече жолу мектептен айдалганы дагы жазылат. Ал 1915-жылы Париждеги атайын академияда окуусун аяктаган. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында газга ууланып, дарылануучу жайларга жаткырылган. Ал жерден уурулук кылып камалганга дагы жетишкен. 1918-жылы согуш талаасына келип, өзүнүн бутун атып алган. Согуштан кийин 8 ай медициналык билим алып, психиатриялык ооруканага иштөө үчүн кирген. Петио жөнүндө дарылоо үчүн маңзат колдонуу жана мыйзамсыз аборт жасаган деген сөздөр айтылган. 1944-жылы мартта Петио жашаган үйдүн жашоочулары жагымсыз жыт тууралуу арызданып чыгышкан. Полиция кызматкерлери жашаган үйдөн адамдардын дене бөлүктөрүн табышкан. Кийин Петиого издөө жарыяланып, ошол жылдын октябрь айында кармалган.

25-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан