Марк Цукерберг Гарварддан кеткенине 12 жыл болгондо дипломдуу болду

Facebook'тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг Гарварддан кеткенине 12 жыл болгондо гана илимий даражага ээ болду. Бул тууралуу миллиардер өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Апа, мен кайтып илимий даражамды алам деп айттым эле го", - деп жазган Цукерберг.

Келечектеги миллиардер Гарвардда 2002-жылдан тарта окуй баштаган. 2004-жылы Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү болгон. Кийинки жылы компаниянын өсүшүнө көбүрөөк убакыт жумшоо үчүн окуусун таштап кеткен.

Каржы боюнча Bloomberg маалымат булагынын 2017-жылы түзгөн дүйнө жүзү боюнча эң бай адамдардын рейтингинде Цукерберг 5-орунда турат. Ал эми компаниясы 2016-жылы 10,217 миллиард доллар киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан