Мындан 31 жыл мурун 28-майда балбан Руслан Түмөнбаев Чүй өрөөнүнүн Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Кыргыз мамлекетине Эмгек сиңирген спорт чебери Руслан Түмөнбаев 2006-жылы Дохада болуп өткөн 15-Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медалга, 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда да коло медаль тагынган. 2008-жылы Азия чемпиону аталып, 2008-жылы Бээжиндеги жайкы олимпиадалык оюндарда 3-орунду камсыз кылган.