Карыздын айынан Улуттук хирургия борбору, Бишкек ШИИББи жарыксыз калышы мүмкүн

Электр энергиясына карата карызын төлөбөгөндүктөн Бишкектеги бир катар мамлекеттик мекемелерде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу 30-майда "Түндүк электр" ишканасы маалымдады.

Электр энергиясы өчүрүлчү органдардын арасында Улуттук илимдер академиясы (карызы 354 миӊ сом), аталган академияга караштуу Сейсмология институту (карызы 224 818 сом), Улуттук хирургия борбору (карызы 877 717 сом), Баӊгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат (карызы 275 647 сом), Мамлекеттик цирк (карызы 444 307 сом), Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (карызы 167 337 сом) жана башка органдар бар.

Жалпы 17 мекеменин электр энергиясын өчүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenjebek_a
2017-05-30 09:02:47
Ал борбор жаманбы жакшыбы элге кызат кылып жатат.Силер хансарайда жашагандардын 6,7нун карызын ондурсонор уч эсе коп табасынар ошол карыздан.Ал жерде операциядан кийин жаткандар бар.Тапкан экенсинер очурчу жерди.
+1
Truelensk
2017-05-30 09:13:19
kenjebek_a,ошо хирургияга барып корсон акчанды кандай шыпырып алат.менин таежемен бир айда 150 мин сомунан бир тыйын да калган эмес.ал акчанын баары кайда кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан