Араванда 16,5 миллион сомго жаңы көпүрөнүн курулушу башталды (фото)

Ош облусунун Араван районунда жаңы көпүрөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн курулушу башталып, капсула салынды. Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

"Буга чейин жашоочулар 1956-жылы салынган эскилиги жетип калган көпүрөнү пайдаланып келген. Күн сайын бул көпүрөдөн болжол менен 9 миңдей унаа өтөт. Мындан улам экинчи көпүрөнү куруу зарылчылыгы жаралган. Узундугу 50 метр, туурасы 14 метрди түзөт. Сметалык баасы 16,5 миллион сом. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Араван районунда 8 айыл аймак бар. Анда 126 миңден ашуун адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jake91
2017-05-30 10:03:10
халтурит етпей кукушка арекет кылгыла кийин естеп журотурган болойлу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан