Орусиянын Москва шаарындагы шамалдан Кремлдин чатыры учту. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Орусиянын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, катуу шамал Кремль сарайынын чатырынын бир бөлүгүн учурган. Мындан сырткары Москва облусунда чиркөөнүн үстүнө коюлган крест кулап калган. Ошондой эле курулуш үчүн тургузулган бийик крандын кулап кеткени айтылат маалыматта. Андан жабыркагандар болгон эмес.
"Жаратылыш кырсыгы учурунда каза болгондордун катарында өспүрүм курактагылар да болгон. Каза болгондор кулаган бактын алдында жана шамалга туруштук бере албай жыгылган аялдаманын астында, жарнамалык тактайдын алдында калып көз жумган. Жаратылыш кырсыгын жергиликтүүлөр бир заматта болуп кеткен кинодогу эпизоддорго окшоштурушкан", - деп жазышат басылмалар.
Эске салсак, 29-майда Орусиянын Москва шаарында катуу шамал жүрүп, бактар кулап, 140ка жакын адам жабыркап, 14 кишинин өмүрүн алган.