Нарында куткаруучулар үчүн 52 миллион сомго көп кабаттуу үй курулуп баштады. 3 айдан кийин бүтөрү күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курулуп баштады. Мындай маалыматты бүгүн, 30-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн көп кабаттуу үйдүн пайдубалын түптөөдө капсула салынды. Иш-чарага ӨКМнын орун басары Калыс Ахматов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышты.

"Кызматкерлер үчүн 24 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушун "Экостройсервис" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерине жумшалуучу сметалык баасы 52 миллион сомду түзгөн. Курулуш иштери 3 ай аралыгында бүтөрү пландалууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alishsapan
2017-05-30 19:51:42
52 миллионго ашып кетсе 3 кабат уй курулат анан дагы коп кабаттуу уй курулат деп лапша гончиктер илештире башташты
-1
nur_zhoni
2017-05-30 21:04:48
Бул домунар копко барбайт экен мен россияда стройкада иштейм дом курушту корсотуш керек экен
0
Bek_Kazan
2017-05-30 21:22:24
Көрдүк Ошто курган үйлөрдү жашабай эле турган болуп калган саны бар сапаты жок
0
jakilik
2017-05-31 03:21:04
90 жылдан бери биринчи жолу курулуп атат , Нарынга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан