Орусиянын Европа бөлүгүндө катталган катуу шамалдын чыгымдары такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта жаратылыш кырсыгынан 180 имараттын чатыры бузулган. Кырсыктан 2 миңге жакын унаа жабыркаган, 6500дөн ашуун дарак кулап, 130дан ашуун поезд каттамы кармалган. Анын ичинен 23 поезд жүргүнчүлөрдү алыскы аралыктагы дарегине жеткирүүчү каттамдар болгон.
Шамалдан улам 300 калктуу конуштарда 44 миң адам жарыксыз калган. Акыркы маалыматтарга караганда, медициналык жардамга муктаж болгон 168 адам кайрылып, 146 адам бейтапканага жаткырылган.