Орусия жана Казакстан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы биометрикалык паспортторун тааныды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз жарандары 2017-жылдагы идентификациялык карталары (ID–карт) менен Орусиянын жана Казакстандын аймактарына тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.