Соттук отурумга кызын ээрчитип келген прокурорго эскертүү берилди

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурору адам өлтүрүү иши каралып жаткан соттук отурумга кызын жанына алып отургандыгы үчүн эскертүү алды.

Бул маалыматты SUPER.KG’ге Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алманбет Абдраманов билдирди.

Маалымат каражаттарына тараган видео боюнча Башкы прокуратура мамлекеттик айыптоочунун жүрүм-туруму боюнча иликтөө жүргүзүүнү Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырган. Ал мекемеден ошол соттук ишке кызын кошо ала келген прокурордун жоругу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, Свердлов районунун прокуроруна эскертүү берилди”, - деди ал.

Эскерте кетсек, өткөн жумада адам өлтүрүү боюнча соттук отурумга прокурор кичинекей кызын ээрчитип келгендиги тууралуу видео жарыяланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira96
2017-05-31 14:07:25
Кызын ээрчитип келсе не болуптур, андан корок адилетсиз окум чыгарып карапайым калкты сыздаткан сотторго эскертуу бербейсинерби. Чымындан пил жасайсынар го.
+1
sladkaja_konfetka
2017-05-31 14:48:53
Караганга эч ким жок болгон үчүн ээрчитип келди да. Менин жездем деле эжем операция болгондо, 3 жашар уулун прокуратурадагы жумушуна ээрчитип барып иштеп журду, почти 1 ай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан