1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күнү Бишкектин бир катар сейил бактарында балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
09.00. Астрахань көчөсүндөгү аянтчада балдар үчүн майрамдык оюн-зоок программасы.
10.00. Сейтек борборунда гүлдөр көргөзмөсү өтөт.
10.00: А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында мектеп театрлары арасында сынак өтөт.
10:00. Сейтек балдардын чыгармачылык борборунда ачык асман алдында "Сергек жашоонун сырлары" аталышында иш-чара өтөт.
11:00. "Ала-Тоо" аянтында "Балдардын жетишкендиги" аталышындагы фотокөргөзмө уюштурулат.
10:00: "Эмен" сейил багында "Балдар ааламы" фестивалы өткөрүлөт.
10:00. №5-компьютердик гимназиясындагы "Ала-Тоо" спорткомплексинде спорттук иш-чаралар өтөт.
10:00. Фучик, "Ататүрк", Асанбай сейил бактары, Жаш Гвардия бульварында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Октябрь районундагы №6, 7, 8, 9, 10, 11-муниципалдык аймактык башкармалыктарында балдар үчүн оюн-зоок программалары өтөт.
10.00: №66, 87, 23-орто мектептеринде спорттук мелдештер өтөт.
11.00 "Жаштык" борборунда концерттик программа, спорттук оюндар уюштурулат.
14:00: Сейтек борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда концерт болот.