Эколог: “Бишкекте дарактардын саны талап кылынган нормадан 7 эсеге аз”

Бишкекте дарактардын саны талап кылынган нормадан 7 эсеге аз. Бул тууралуу Экологиялык коопсуздук боюнча Бишкектеги экотехинспекциясынын башкы инспектору Камил Султанмуратов SUPER.KG порталына билдирди.

“Дени сак жашоо үчүн ар бир адамга 14 чарчы метрге тигилген бак-дарактардын аянты туура келиш керек. Мурда Фрунзе учурунда талап кылынган нормага жооп берчү. Учурда болсо Бишкекте болжолдуу бир адамга 2 чарчы метр тигилген бак-дарактардын аянты туура келет”, - дейт Камил Султанмуратов.

Мындан сырткары өткөн жылы атайын мэриянын токтому менен комиссия түзүлүп 6 миңден ашык бак авариялык абалда деп тапканын белгиледи. Аларга оорулуу жана картайган дарактар киргенин, өткөн жылы 675 бак кыйылгандыгын кошумчалады. Быйыл 2 миңден ашуун дарак кыйылары пландалып жаткандыгын айтты.

Айта кетсек,Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында 143 даана даракты кыйуу пландалып, бүгүн кыркуу иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-06-03 12:14:32
Аз болсо неге кыйып жатасынар??эскилерди сынчуларды алып койгула жаштары осуп жетилишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан