Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 9-июнга чейин таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Каттам маал-маалы менен жабылат

Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 5-июнунан тартып 9-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы жарыялады.

“Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан 5-июндан тартып 9-июнга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылат. Унаа жолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан