Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 42 жаштагы тургуну баңгизаты менен кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Панфилов районунан шектүү Л.К. аттуу тургунду кармашкан. Текшерүү учурунда капка салынган 20 килограмм кара куурай баңгизаты табылган.
Аталган окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.