Парламент комитетинде чек арага жакын айылдардын статусу талкууланды

Депутат Осмонбек Артыкбаев айрым чек ара аймагындагы айылдарды өзгөчө статус берилген айылдардын катарына киргизүү татаал болуп калышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу депутат 6-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Статус берүүдө негизинен 3 критерий белгиленген. Алар айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы, айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы, улуттук коопсуздук жаатындагы абалы.
Депутат аталган критерийлер боюнча өлкөнүн бардык облустары ушул мыйзамга кирип кала турганын айтты. “Мыйзамды аткаруу жагы татаал болуп калышы мүмкүн. Мындай мыйзамды даярдап жатканда түшүндүрмөсүн кошо даярдоо керек. Долбоор кантип ишке ашат, иш эмнеден башталат, жазылышы керек”, - деди депутат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин өкүлү айылдар аталган критерийлерге туура келерин же келбесин атайын комиссия текшере турганын айтты.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорду экинчи окууда колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан