Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү депутат Дастан Бекешев аларды сотко берип, айып пулга жыгып жатканын айтышты

Бүгүн, 7-июнда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун айрым мүчөлөрү коомдун жетекчилигине жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге нааразычылыгын билдирип, Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алардын пикиринде, коомдун жетекчиси Марат Ташбаев коррупциялык иштерди жасап жатса, Дастан Бекешев сотко берип, айып пулга жыгууну көздөөдө.

Митингге чыккандардын бири Бактыгүл Смаеванын айтымында, алардын жашоо-шарты начар.

“Чечилбеген өтө көп көйгөйлөр бар. Биринчиден, батирлер боюнча, экинчиден, коррупциялык иштер. Бул боюнча бийликтегилерге, укук коргоо органдарына кайрылганбыз, бирок жыйынтык жок. Ошондуктан коомдун мүчөлөрү үй-жайлары жок ижара акы төлөп батирлерде жашап келишет. Коомдун жетекчиси ар кайсы жакка кайрылып, жамандап жатасыңар деп айрымдарын мүчөлүктөн чыгарып койду".

Жамиля Темирбаева, коомдун мүчөсү, көзүнүн азиздигинен 2-топтогу майып:

“Коомдун мурдагы жетекчиси Калык Мамбетакуновдун тушундагы болуп жаткан коррупциялык иштер өөрчүп, жерлер, пансионаттар сатылып жатат. Акыйкатсыздыктан улам үч жылдан бери митингге чыгып жүрөбүз. Ошентип отуруп, Мамбетакуновду иштен алгандан кийин депутат Дастан Бекешев досу Марат Ташбаевди анын ордуна дайындатып койгон. Буга да нааразы болуп депутаттарга кайрылганыбызда, ал “беделиме шек келтиришти” деп бизди сотко берди. Эми ал менден 20 миң сом жана коомдун дагы эки мүчөсүнөн 40 миң сомдон айып пул өндүрүп алууну көздөөдө.

Ал эми Ташбаев дайындалганда бизди жыйынга киргизбей, Дастан Бекешевдин агасы Аман Бекешев ур-токмокко алдырган. Жаракат алгандар ооруканага жатып чыгышты. “Силер сотко берсеңер да колуңардан эч нерсе келбейт” деп кордоп, кайра бизди сотко берип жатпайбы”, - деди Темирбаева.

Алтынбек Тобокел уулу, коомдун мүчөсү, көзү азиздиги боюнча 2-топтогу майып:

“Биздин коомдогу баш аламандык жана депутат Дастан Бекешев коомдун иштерине кийлигишүү аракеттери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп жаткандыгы боюнча 2-3 жылдан бери президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылып келебиз. Коомдун жаңы жетекчисин сындагандарды Бекешевдин туугандары ур-токмокко алышкан. Мен дагы токмок жеп, баш мээм чайкалган. Азыр иш козголуп, ага Бекешев кийлигишип, тергөө жылбай жатат.

Мындан тышкары коомго бөлүнгөн акчалар тууралуу да маселе козгоп келгенбиз. Ошондуктан мени коомдон чыгарып жатат. Президенттин буйругу менен 2001-жылдан бери бизге миллиондогон каражаттар бөлүнүп келет. Ушул жылга эле 39 миллион 601 миң сом бөлүнүптүр. Бирок отчёт бербей келишүүдө”, - деди Тобокел уулу.

Жыйынтыгында алар коомдун жетекчиси Марат Ташбаев менен Дастан Бекешевдин туура эмес аракеттерин токтотуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү болушунча аракеттерин уланта берерин айтышты. Ал эми бул маселе боюнча экинчи тараптын жообун жакынкы аралыкта алып жарыялайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
matilla
2017-06-07 18:02:37
Дастан өзү да көзү азиз болсо, кайра түшүнүп койбойбу? бир жакшылыгы жок адам экен.
+5
Kroxa
2017-06-08 00:30:33
matilla,депутат болоэлекте кужурмон боорукер эле калыс суйлочу..козу коруп миллиондорду жегендер элди ойлобойт анан козу корбогон жетекчиге эмне баары бир болуп калса керек главный озу зынк жашап жатат да..
+2
mirbek2211
2017-06-08 01:25:10
Зээнинди кейитет , кайда баратабыз деги? Дастан Бекешов деген ушул майыптардын талабын талашып ушуларга жакшы жашоо курууга жардам берүү үчүн , ушул майыптардын арасынан шайланды эле го, эми минтип. Кандай сөз айтарымды да билбей турам.
+2
Istina1000
2017-06-08 11:31:16
Озу биздин бийликтергилер ото ото ото эле кооп кетишти. Элдин колдосу мн бийликке жетишет да, кайра элди козго илип койбостон оз билгендерин кылышат. Эми ушу майыптардын акысын жон эле коюшпайбы. В общем, куурап эле олгону калышкан экен да
+1
admin_superstan
2017-06-08 12:51:20
uluk92kg, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан