Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токоюна жакын жайгашкан Дачная көчөсүнүн жашоочулары токойду кыюуга каршы экендигин билдиришип, маалымат жыйынын өткөрүштү.
Бишкектин Дачная көчөсүнүн жашоочусу Игорь Коваленко бала кезден ошол аймакта жашап бой жеткенин жана чөйрөсүндөгү жашыл бактарды четинен кесип жаткандарга каршы экендигин билдирди.
"Кара-Жыгач токоюндагы дарактарды биздин аталарыбыз отургузган. Бизди таза аба менен камсыздап дем алуубузга жеңилдик түзгөн жашыл бак-дарактарды кыюуга каршыбыз. Жогору жактагыларга үнүбүздү массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирүүнү чечтик", - деди Коваленко.
"Кыргызстан Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев 6 жыл аралыгында Бишкектеги кыскарган сейил бактар тууралуу буларды айтты.
"Кара-Жыгач токою 215,69 гектар аянтты ээлечү. Азыр 129,56 гектар калды. 86,13 гектар токойдун аянты сатылып кетти. Ата-Түрк сейил багы 107 гектардан 50,7 гектарга кыскарды. Жеңиш сейил багынын аянты 43 гектар болсо, бүгүнкү күндө 33 гектарды түзөт. Мунун баары КСДПнын мүчөлөрү мэр болуп турганда кыскарды", - деди Булекбаев.