"Дыйкан" базарынан топтолгон салык Бишкек мэриясынын казынасына түшпөгөнү айтылды

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары "Дыйкан" базарынын тегерегиндеги маселени карады. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар базар жабылып 179 миллион сом киреше түшпөй калганын айтышты.

"2016-жылы базарды жабуу маселеси каралып баштаган. Базарда коопсуздук жана санитардык жаатта 11 кемчилиги бар экени такталган. Салык катары базар 7 миллион сом жыл сайын төгүп турмак. Бирок бул сумма мэриянын казынасына түшкөн эмес. Мындан улам биз Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына кайрылганбыз", - деп билдирди Ленин районунун акими Нурдин Тынаев.

Депутаттар Ленин районунун башчысы суроолорго толук кандуу жооп бере албагандыгын белгилешти. "Сессия болордон мурда даярданып алыш керек эле. Жазган кагазыңарда да каталар бар экен. Оңдоп-түздөп, отчётту тууралап алсаңар болмок экен", - деп нааразычылыгын айтты Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Best.bakyt
2017-06-08 11:32:06
Жеке кишилердин кызыкчылыгы учун иштеген базарлардын жабылышы абдан туура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан